Көп кабаттуу үйгө кирген жаран милицияга каршылык көрсөткөн

Бишкекте майда бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

16-октябрда милицияга Абдраев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн тургундарынан билдирүү түшкөн. Алардын айтымында, белгисиз жаран подъездге кирип, электр такталарын текшерип жүргөн.

Окуя болгон жерге Ленин РИИБдин ыкчам тергөө тобу барганда, ал каршылык көрсөтүп, сөгүнүп, агрессивдүү жүрүм-турум көрсөткөн. Жигитти милиция бөлүмүнө жеткиришкен. Ал 2000-жылы туулган жаран болгон. Ага 126-берене («Майда бейбаштык») боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоо жайына киргизилген.