Кордайда кар күрткүдөн улам 150дөй унаа Кыргызстанга өтө албай калган. Куткаруучулар жөнөтүлдү

Алдын ала маалымат боюнча кечээ, 14-декабрь күнү Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунда жааган кардын кесепетинен Алма-Ата – Ташкент унаа жолунда кар күрткү пайда болуп, унаа жолу жабылган. 112 кызматына келген маалымат боюнча, Алга айылы менен Кордай айылынын ортосунда 100-150дөй унаа жүргүнчүлөрү менен Кыргызстан тарапка өтө албай калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Ал жерге Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаменти тарабынан 99 куткаруучу жана 37 оор техника тартылган. Жол тыгында калып калган жарандарды чыгарууга көмөктөшүү максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлиги тарабынан 39 куткаруучу, 5 оор техника, 1 Ниссан Пикап, 2 кар унаасы (снегоход) жана керектелүүчү шаймандар менен саат 03:05те Ак-Жол чек ара постуна чыгып, саат 08:15те Казакстандын аймагына киришти.

Мындан сырткары Кыргызстан менен Казакстандын республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде, жеринде ыктыярчыларга (волонтерлорго) 5 унаа менен тоосколдуксуз айланма каттам уюштурулуп, жарандарды коопсуз жайга эвакуациялоо жүргүзүлүүдө.