Кордайда кардан улам калып калган 16 кыргызстандык мекенге жөнөтүлдү

Саат 12:20га карата ӨКМ берген маалыматка ылайык, кар күрткүгө кабылып жол жүрө албай калган 16 Кыргыз жараны куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун жүргүнчүлөрдү ташуучу унаасы менен Казакстандын Отар айылынан Кордайды көздөй саат 11:40та жөнөтүлдү. Алар өз мекенине кайтышат.

Жеринде подполковник Ырысбек Жолдошбаев жетектеген кыргыз куткаруучулары куткаруу иш-чараларын улантышууда.

Кыргызстан тарап Аламүдүн районундагы Ак-Жол өткөрмө постунда жайгашкан «Бишкек-Алмата» кафесинде 150, Свердлов районундагы Эне-Сай жаңы конушундагы №21 орто мектебинде 150 жана Октябрь районундагы мамлекеттик администрациясынын имаратынын ашканасында жана “Таберик” студиянын жыйналыш залында 40 адамга ылайыкташкан жылынуучу жайлар уюштурушту.