Кордайдагы кардан улам жолдон чыгып кеткен 4 унааны кыргыз куткаруучулары алып чыгышты

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун бүгүн, 15-декабрда саат 11:20да берген маалыматында куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун жетекчиси Ырысбек Жолдошбаев жетектеген ыкчам топ куткаруу иштерин башташты.

Казакстандын Кордай районунун Кордай – Отар аралыгы 80 чакырымдык унаа жолунун Кордай ашуусунда карга тыгылып калган жана жолдон чыгып кеткен 3 оор жүк ташуучу, 1 жеңил унааны чыгарышты. Мындан тышкары, Аламүдүн районундагы Ак-Жол өткөрмө постунда жайгашкан «Бишкек – Алмата» кафесинде 150 адамга ылайык жылынуучу жай уюштурулду.