Кордолгон 13 жаштагы кыздын апасы: «Кызым өз өмүрүнө кол салган күнү болгон»

2021-жылдын сентябрь айынан ушул жылдын февраль айына чейин 13 жаштагы кыз колдон колго өтүп зордукталып келген. Кыздын атасынын айтымында, эки милиция кызматкери, “Дордой” базарынын кароолчусу жана 20 жаштагы жигит «кулакчын уурдоого аракет кылдың, камаласың» деп коркутуп зордуктап жүрүшкөн. Милиция кызматкерлери тарабынан корголгондун ордуна, кыздын кордолгонуна учурда коомчулук нааразы. SUPERTV телеканалына кыздын ата-энеси окуя кандай болгонун баштан-аяк айтып беришти.

«Кызым 16-февралда телефону бузулуп калып, «Берекетке» барат. Телефонум бузулуп жатат деп бат-баттан барчу болду. Сабагы 18:30 чамасында бүтөт, үйгө келсек ал үйдө жок экен. Жолдошум класс жетекчисине чалды. Ошону менен милцияга кайрылдык. Бардык жерди карап, таппай койдук. Кызым кечинде үйгө киргенден коркуп, милицияга кайрылыптыр. Милиция келе калгыла деп чалды. Барсак милиция кайра бизди коркутту. Ал күнү кеттик. Эртеси кызым окуусуна кеткен, анын СИМ-картасы менин телефонумда калыптыр. Кечинде «кандай жетип алдың?» деген жазуу менен быйтыкча келди. Анан мен шекший баштадым. Кызымдын атынан ошол номерге жаза баштадым. «Жолугалы, сүйлөшө турчу сөздөр бар» дедим. Кызыма унчуккан жокмун. Улуу кызым келип калды, аны менен да сүйлөштүк. Атасына айтыштан корктум. Улуу балама айттым. Уулум аны менен сүйлөштү», — дейт эне.

Эне ошол күндүн эртеси эле милицияга кайрылганын айтты. «Милицияга бардык, териштирдик. Кызым ошондо деле ошол бала тууралуу эле айтып берген. Милициялар тууралуу айткан эмес. Кызым өзүнө кол салган. Дарыларды ичип алган. «Апа, ичим күйүп кетип жатат» деп жанын бир жерге кое албай калган. Тез жардам менен ооруканага алып барып, аман алып калганбыз. Ооруканада кызым текшерилди. 20 жаштагы баланын зордуктап жүргөнүн билдик. Милициясы да кордоп, кызымдын намысын тебелеп келгени үчүн жазасын алышсын», — дейт кыздын апасы.