Коргоо министрлиги Алай районуна шашылыш конууга аргасыз болгон тик учак боюнча эмне дейт?

Коргоо министрлигинен Алай районунда шашылыш конууга мажбур болгон МИ-8 тик учагы боюнча маалымат беришти.

«Бүгүн, 4-июнда Ош облусунун Ноокат районунда Абадан коргонуу күчтөрүнүн МИ-8 тик учагы шашылыш түрдө конууга аргасыз болду. Учакта 10 чакты адам болгон. Жабыркагандар жок. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, 3 киши жеңил жаракат алган. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.