Коргоо министрлиги аскердик тик учактын кулаганын расмий тастыктады

Кыргызстандын Коргоо министрлиги аскердик тик учактын кулаганын расмий тастыктады.

«17-январда машыгуу учурунда Абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы авариялык түрдө катуу конууга мажбур болгон. Жабыркагандар бар», — деп билдирди Коргоо министрлиги. Коргоо министрлигинин кызматкерлери окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат.

Тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат кийинчерээк жарыяланат.