Коргоо министрлиги Чоң-Алайга бара жатып кырсыктаган тик учактын чоо-жайын айтты

Бүгүн, 4-июнь күнү болжол менен саат 12:45те Коргоо министрлигинин куралдуу күчтөрүнүн тик учагы Ош облусуна караштуу Араван районунун Кичи-Алай айылында авариялык абалдан улам конууга аргасыз болгон. Конуу учурунда жерге катуу тийгендиктен, тик учактан өрт чыгып кеткен. Аталган факты боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Акыркы маалыматтар боюнча, тик учактын ичинде 15 адам болгон. Анын үчөө экипаж мүчөсү, калган 12си башка адамдар. Кырсыктан үчөө күйүк алып, жабыркагандар Тез жардам кызматы менен Ош облустар аралык бириктирилген ооруканасына жеткирилгени айтылды.