Коргоо министрлигиндеги базанын командири кармалды

Аскер прокуратурасы тарабынан Коргоо министрлигинин Бишкек турак-жай пайдаланууну камсыздоо базасында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 26 миллион сомдон ашык бааланган МАМ-19 спорт комплексин мыйзамсыз сатып жок кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган базанын командири кармалып, Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилип, камакка алынды. Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери жүрүп, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө аракеттери уланууда.