Коргоо министрлигинин кампасындагы 4 миллион сомдук материалдык баалуулуктар уурдалган

Коргоо министрлигинин кампасында турган 4 миллион сомдук материалдык баалуулуктар уурдалганы аныкталганын Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери менен бирге кылмышка тиешелүү башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө», — деп жазылган маалыматта.