«Коркутуп, колун скотчтоп…». Бишкекте каракчылыкка шектелген жигит кармалды

Бишкекте каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-сентябрда шаардык милицияга аял киши кайрылып, кечинде белгисиз жаран Ак-Босого конушундагы үйүнө кирип, электрошокер менен коркутуп, арыз ээсинин колун скотч менен байлап, 12 миң сом уурдап кеткенин айткан. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренесине («каракчылык») ылайык кылмыш иши козголду. Укук коргоо кызматкерлери 21 жаштагы шектүүнү кармашып, убактылуу кармоочу жайга киргизишти. Тергөөнүн версиясы боюнча, жигит башка каракчылык иштерге да катышкан.