«Коронавирустан өлдү деп жерге беришкен». Ысык-Көлдө 61 жаштагы жарандын өлүмүнө шектүү кармалды

иллюстрация

Социалдык тармактарда адамдын өлүмүнө алып келген кылмыштын бетин ачууга Ысык-Көлдүн милициясы чара көрбөй жаткандыгы боюнча маалымат тарап жатат. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБ маалыматтар боюнча үн катты. Алардын айтымында, аталган маалымат чындыкка дал келбейт.

Ысык-Көл райондук прокуратурасына Темировка айылынын 51 жаштагы тургуну кайрылып (аял киши), 21-январга караган түнү, анын 30 жаштагы уулу менен 61 жаштагы бир тууганынын ортосунда уруш чыгып кеткендигин, эртеси агасынын жансыз денеси алардын үйүндө табылганын билдирген. Ошондой эле, бул факты боюнча райондун укук коргоо органдарына жана башка мамлекеттик органдарына билдирбестен, элге агасы коронавирустан каза болгонун билдиришип, жерге беришкен.

1-февраль күнү Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (ден соолукка оор залал келтирүү, этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келсе) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган. 2-февраль күнү райондук соттун токтомунун негизинде эксгумация жүргүзүлүп, комиссиялык соттук-медициналык экспертизасы дайындалган. Ошол эле күнү Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, кылмышка шектүүнү Бишкек шаарына чыгуу менен кармашып, райондук прокуратуранын тергөөсүнө өткөрүп беришкен. Учурда кылмыш иши Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан тергелүүдө.