Коррупцияга шектелген Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы үй камагына чыгарылды

Коррупцияга шектелген Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев үй камагына чыгарылды. Ал өз күнөөсүн моюна алганын Финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.

«9-январда Эрмек Мамыркалиев мамлекеттин кызыкчылыгына келтирилген зыяндын 2 миллион 500 миң сом суммасындагы бөлүгүн өз ыктыяры менен акчалай түрдө төлөп берди. Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ага карата үй камагы түрүндө жаза чарасын колдонду», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Эрмек Мамыркалиев 7-январда Бишкек-Ош автожолунун мамлекеттик дирекциясындагы коррупция фактысы боюнча кылмышка шектүү катары кармалган.