Коррупцияга шектелип №31 тергөө абагынын жетекчиси кармалды

Юстиция министрлигинин алдындагы №31 тергөө абагынын жетекчиси коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 31-тергөө абагынын жетекчиси коррупция фактысы боюнча кармалды. Ал өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жазасын өтөп жаткан адамдан жатак-абакка которуу же шарттуу түрдө бошотуу боюнча материалдарды даярдоо үчүн акча талап кылган. 7-октябрда Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча каралган кылмыштын негизинде акча алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.