Коррупцияга шектелип кармалган “Бишкек башкы архитектуранын” башчысы үй камагына чыкты

Буга чейин коррупция фактысы боюнча кармалган “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Түлөбердиевди үй камагына чыгарышты.

УКМКнын маалыматына ылайык, аталган ишкананын жетекчиси убактылуу пайдаланууга берилүүчү жер тилкелерин мыйзамсыз саткан фактысы катталган.