Коррупцияга шектелип кармалган Максим Бакиевдин жакын досу Алексей Ширшов үй камагына чыкты

УКМК кечээ, 10-майда маалымат таратып, «Дастан» ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшов коррупциялык иш боюнча кармалганын билдиришкен.

Ошол эле күнү Биринчи Май райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыгарылды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган райондук сотунан билдиришкендей, ал 26-майга чейин үй камагында болот.

«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 10-майындагы чечими менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын арызы канааттандырылып, Ширшовго 26-майга чейин үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды», — деп айтылат маалыматта.