Ысык-Көл облусундагы баасы 1 миллиард сомдон ашкан «Симирам» эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«УКМК кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо, ошондой эле Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо фактысы боюнча Корумду айылынын аймагында жайгашкан болжолдуу наркы 1 миллиард 84 миллион 657 миң сомду түзгөн «Симирам» эс алуу борборун кайтарымсыз негизде Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берилди», — деп жазылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, аталган борбордун жалпы аянты 4679 чарчы метр имараттардан жана курулмалардан турат.