«Кош бойлуу экениме карабай жолдошум жылаңачтап сабады» деген келин боюнча милиция маалымат берди

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абадга турмушка чыккан 1997-жылы туулган К.к.А. кайрылып, жолдошу тарабынан сабалганын, милиция жолдошун кармабай жатканына байланыштуу коркуп жатканын билдирген.

“Турмушка чыкканыма 1,5 ай болду. Экинчи турмушум. Жолдошум экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр буга чейин болуп келген. 8-августта туулган күнүм болгонуна байланыштуу соцтармакка сүрөт, видео жарыялагам. Ошондон уруш башталды. Мен үйүмө кетем деп кийим чогултуп баштагам. “Сенин кеткиң барбы?” деп сабап салды. Кийимдеримдин баары айрылды. Кошуналар милиция чакырышты. Алар келип, жолдошумду кармабай коюшту. Азыр мен коркуп жатам, качан алдыман чыгып, өлтүрүп кетет деп. Сабалган учурда 7 жумалык кош бойлуу болчумун. Мени жылаңач кылып, кошуналардын көзүнчө сабаганы үчүн жооп бериши керек. Мага деле азыр оңой болуп жаткан жок, ызаланып жатам», — деген келин.

Редакцияга Жалал-Абад ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришти. «8-август күнү Жалал-Абад ШИИБге Жалал-Абад облустук ооруканасынын дарыгеринен кабар түшкөн. Анда 8-август күнү саат 22:20 чамасында Жалал-Абад шаарынын Живпром участкасынын тургунунун жолдошу 2000-жылы туулган Н. уулу М. эч бир себепсиз уруп койгонун билдирген. 

Кесепетинен келин Жалал-Абад облустук ооруканасына кайрылып, амбулатордук жардам алып чыгып кеткен.

Аталган факты 8-август күнү Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Териштирүү учурунда окуя болгон жерге Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө ыкчам тобу барган кезде келинчегин сабап салган жаран үйүндө жок экендиги аныкталган. Окуя боюнча жабырлануучу ошол түнү менен ойлонуп көрөйүн деп, арыз жазуудан баш тарткан.

Ал эми 9-август күнү келин саат 09:00 чамаларда Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматына арыз жазган, жазган арызынын негизинде денесинен алган жаракаттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ошондой эле күйөөсү тергөөгө камсыз кылынып, ал өз көрсөтмөсүндө төмөндөгүлөрдү билдирген. Аялы экөө уруша кетип аялы колун тиштеп алгандыктан күйөөсү колу менен бетине чаап салганда, мурду канап кеткен. Ошол мезгилде аялы кошуналарына айтып «мени сүрөт, видеого тартып койгула» деп суранып тарттырып алып, бир тууган эжесине жиберген. Учурда териштирүү иштери улантылууда», — дешти.