Кошунанын балдарын багажникке салып, тойго кетип бара жаткан айдоочу кармалып, айып пул салынды

23-июль күнү социалдык тармактарга унаанын багажына 4 баланы салып бара жатканда тартылган сүрөт тараган. Аталган факт Талас ОИИБдин маалыматты эсепке алуу электрондук журналына катталып, милиция кызматкерлери тарабынан багыттамалар берилип, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кызматкерлери ыкчам иш алып барып, интернетке чыккан айдоочу табылган.
Тараз-Талас-Суусамыр жолунун, тактап айтканда, Өтмөк ашуусунан кызыл түстөгү Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү мамлекеттик номер 07 642 ААР сандуу унаага Кара-Ой айылыныны тургуну Суусамыр жайлоосундагы жылында өтүп жүрүүчү чабандардын тоюна бара жатып, кошуналарынын балдарын унаага батпай калганынан багажына салып алгандыгы аныкталган.

Айдоочунун унаасы токтотуучу жайга киргизилген Ага карата Бузуулар Кодексинин негизинде 5500 сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.