Космосбек Чолпонбаев 15-мартка чейин үй камагында болот

Мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 15-мартка чейин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Чолпонбаев 2020-жылдын сентябрында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пандемия учурунда консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча мыйзамсыз келишим түзүп, мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын зыян келтирген деген айып тагылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

2020-жылдын 13-ноябрында жүрөгүнө операция жасалган. Операциядан кийин үйүндө дарыланып жаткан.

Эске салсак, Каржы полициясы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон болчу.