Бүгүн кримтөбөл «Дөө Чыңгыз» өлтүрүлдү

Бишкекте «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов өлтүрүлдү. Бул тууралуу Кактус.медиа басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кримтөбөлдү бүгүн, 30-июль күнү камерада чогуу отурган адам мууздап өлтүргөн.

Эске салсак, 15-июль күнү Бишкекте «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кармалган. УКМК кримтөбөлдүкылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкерлик менен алектенген адамдардан ири өлчөмдө акча талап кылуу фактылары боюнча материалдардын негизинде кармалганын билдирген.