Кримтөбөл Эркин Мамбеталиев камакта калтырылды

Кримтөбөл Эркин Мамбеталиевдин камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Каракол шаардык соту анын бөгөт чарасын карап, 5-декабрга чейин камакта калтырган.

УКМК маалымат таратып, кылмыштуулукка жана мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүнүн алкагында Мамбеталиев Эркинбек Шамытаевичтин кримтөбөл Рыспек Акматбаевге, ошондой эле мурда өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна тиешеси бар экендигин билдирген.