Кримтөбөл Эркин Мамбеталиевдин кармалуусу боюнча УКМК маалымат таратты

Кримтөбөл Эркин Мамбеталиевдин кармалуусу боюнча УКМК маалымат таратты.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка жана мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүнүн алкагында Мамбеталиев Эркинбек Шамытаевичтин кримтөбөл Рыспек Акматбаевге, ошондой эле мурда өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна тиешеси бар экендиги тууралуу маалыматтар алынган.

Тактап айтканда, Мамбеталиев Акматбаев менен Көлбаевдин криминалдык чөйрөсүндөгү кылмыштуу байланыштарын жана өзгөчө таасиринен пайдаланып, алардын колдоо көрсөтүүсү менен коммерциялык мүнөздөгү жеке маселелерди чечкени аныкталган. Мамбеталиев узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп, көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, батир, жер тилкелерди, коммерциялык объекттерди, кымбат баалуу автомобилдерди жакын туугандарына каттаган жана алардын көпчүлүгүнүн эч кандай уруксат берүүчү документтери жок болгон.

Уюшкан кылмыштуу топко катышуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК кызматкерлери тарабынан тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада ок атуучу куралдардын арсеналы толугу менен алынып, 4 миллион долларынан ашык мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөр аныкталды. Мындан улам, Мамбеталиев Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топко катышуу) боюнча Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.