«Крыша» табуу максаты болгон». Президенттин карындашынын колун сураган жигит кармалды

Лаззат Нуркожоеванын жигити кармалды деген маалымат боюнча президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов комментарий таратты.
«Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызынын жигити укук коргоо органдары тарабынан кармалганын тастыктайбыз. Лаззат Нуркожоеванын жигити тууралуу маалымат учак менен “кыздын колун суроо” иш чарасынан кийин белгилүү болгон. Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар.
Президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт. Эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат», — деп жазылат маалыматта.