“Кудай алдында акмын”. Өзгөндө теңтушун бычып салууга шектүүнүн аялы экенин айткан аял үн катты

Өзгөндө эркек кишини бычып салууга айыпталып, камакка алынган кишинин жубайымын деген аял үн катып, учурда Орусияда экенин айтты.

Күйөөм экөөбүздүн жашаганыбызга 20 жыл болду. 20 жылдан бери кайненем менен чогуу жашайм. Үйгө кайын журттан меймандар көп келет. Алардын сөздөрүнөн үйдө чыр көп чыгат. Күйөөм анын айынан мени көп урчу. 5 балам бар. Эки уул, үч кыз. Күйөөмдүн кордугуна чыдап, 20 жылдан бери жашап келе жатам. Балдарым үчүн жашап келе жатам”, — деди ал.

Ал жолдошу аларды көчөгө кууп чыккан күндөрү болгонун айтты. Ошондой эле баласына кошуп аны да көгала кылып сабаганынан 3 күн сүйлөшпөй койгонун, 3 күндөн кийин “мойнуңдагы каяктагы так” деп аны айыптап баштаганын айтат. “Кой байлаган аркан менен байлап, жерге кулатып, буту менен басып, ура баштады. Аяшың менен жаткансыңбы деп баштады. Анын бул жерге эч кандай тиешеси жок. Бизде уруш чыкканда аялы экөө ажыратып кетчү. Ал бизге тууган болот. Күйөөм менен классташ. Бир мектепте окуганбыз. Кайын журттун сөзүнөн ушул окуя болду деп ойлойм. Аяшым экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болгон эмес. Мен Кудай алдында акмын дедим”, — деди ал.

Кечээ, 16-ноябрда социалдык тармактын колдонуучулары Өзгөндө эркек кишинин бычылганын жазып чыгышкан. Ошондой эле окуянын видеосу тараган. Видеодон эркек кишинин «Башында ойлонуш керек эле да. Ушундай болуп калбайт бекем деш керек болчу» деп жатканын угууга болот.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине буга чейин окуя боюнча Ош ОИИБден маалымат беришкен.