«Кудайберген» базарында 33 жаштагы жарандын бычакталышы. Кылмышка шектүү Алматыда кармалды

«Кудайберген» базарында бычакталган жигиттин өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

3-апрелде Артур Богдановду шаардагы базарлардын биринде бычактап кетишкен. Ошол күнү анын жумушуна үч досу барган. Алардын арасында тууганы 32 жаштагы Николай Алексеев да бар болчу. Богданов достору менен урушуп кеткен. Уруштун жүрүшүндө Алексеев ага бычак сайган. Жабырлануучу ооруканада көз жумган. Ал эми шектүү из жашырып кеткен.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаранга издөө салынган. Кылмышка шектүү Казакстандын Алматы шаарында колго түштү. Эми аны Кыргызстанга экстрадициялоо иштери жүрүп жатат.