«Кудайберген» базарында бычакталып көз жумган жаран. Кылмышка шектүү изделип жатат

«Кудайберген» базарында бычакталып көз жумган Артур Богдановдун өлүмүнө шектелген адам изделип жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-апрелде болжол менен саат 15:30 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына борбордогу Лумумба менен Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ болуп, анын кесепетинен белгисиз жаран бычактан жаракат алды деген маалымат түшкөн.

«Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери барган. Ал жерден 1988-жылы туулган жаранга белгисиз жаран бычак сайып, качып кеткендиги аныкталган. Жаракат алган жаран №1 клиникалык ооруканасына жеткирилген. Бирок ал алган жаракатынан эсине келбей көз жумган. 

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон.  Окуя болгон жерди кароодо бычактын кыны табылып, кол салган адамдын кылмыштуу аракеттери жазылган видеокөзөмөлдөөчү камерадан видео алынган.

Ошол эле күнү кылмышка шектелип, мурда соттолгон 1989-жылы туулган жарандын аты-жөнү аныкталган жана аны издөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.