«Кулак, ооз, мурдунан кан агып кетти». Чолпон-Атадагы кыз менен жигиттин өмүрүн алган кырсыктын күбөсү окуя тууралуу айтып берди

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине атын атагысы келбеген жаран Ысык-Көлдө кыз менен жигиттин өмүрүн алган кырсыкка күбө болгонун айтып, өз көзү менен көргөндөрдү айтып берди.

«Биз ошол учурда жээкте болчубуз. Алар жээктен бир топ эле алыс жүрүшкөн. Бир маалда эле жардам сурап кыйкырып калышты. «Дарыгерлер барбы?» деп чуркап жүрүштү. Мен медик болгондуктан жардам берүүнү туура көрдүм. Жигитти жээкке алып чыкканда, жүрөгү согуп жаткан. Жилетин чечип эле, биринчи жардам көрсөтө баштадык. Тез жардам чакырып, ал келди. Экинчи кайык менен кызды алып келишти. Алып келгенде эле кыздын кулагынан, мурдунан, оозунан кан агып жаткан экен. Башы жарылып кеткен окшойт. Кыздын абалы оор болчу, бирок тирүү эле. Канды тазаладык. Тазалаган соң, кан чыккан жок. Ал эми дагы бир кыздын сыртында жаракат жок болчу, бирок кабыргасын кармап отурган»,— деди күбө.