Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева Башкы прокуратура Селекция айылында мурдагы күйөөсү бычактаган келиндин иши боюнча үч судьяны жоопко тартуу боюнча сунуш бергенин билдирди.
Анын айтымында, Сокулук райондук сотунун бул ишти караган судьясын жоопко тартууну Жогорку Сот өзү сунуш кылган. «Биз болсо апелляциялык арызды караган үч судьяны жоопко тартуу боюнча Соттордун тартип комиссиясына сунуш бердик. Анткени бул кылмыш иши пробациялык көзөмөл колдонулгандан кийин жабырлануучу Чүй облустук сотуна даттанган. Апелляциялык арыз 25-майда эле түшүп, бирок төрт айдын ичинде эч кандай чара көрүлгөн эмес. Ошонун кесепетинен ушундай каргашалуу окуя болду деп эсептейбиз», — деди ал.