Кулак-мурду кескиленген келин. Соттук отурум башталды

Бүгүн, 9-январда Чүй облустук сотунда Азамат Эстебесовдун иши боюнча соттук отурум башталды. Ал сотко жеткирилди.

2023-жылдын январында Асел Ногойбаева милицияга кайрылып, мурдагы күйөөсү зордуктаганын билдирген. Апрель айында Сокулук райондук сотунун судьясы аны Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси («Зордуктоо») боюнча күнөөлүү деп таап, бирок үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Кийинчерээк судья кызматынан бошотулган.

Асел Ногойбаева биринчи инстанциянын чечимине нааразы болуп, Чүй облустук сотуна кайрылган. Отурум 27-сентябрда өтүп, 8 жылга эркинен ажыратылган. Чүй облустук сотунда зордуктоо фактысы боюнча соттук отурум башталды. Сот жабык өтүүдө.