Кулак-мурду кескиленген келин. Соттук отурум жабык эшик артында өтүп жатат

Сокулук райондук сотунда мурдагы күйөөсү кулагы менен мурдун кескилеп салган Асел Ногойбаеванын иши боюнча соттук отурум башталды. Сот жабык эшик артында өтүүдө.

Асел Ногойбаеваны колдоп, жакындары жана 10го жакын жарандар залга чогулду. Алар Аселдин мурдагы күйөөсүн өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылышууда.