20-сентябрда Сокулуктун Селекционное айылында күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп, таң аткыча кыйнаган. Бычак менен келтирилген жаракаттардан соң жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Ага 8 саат оор операция жасалып, 21-сентябрда палатага которулду. Жабырлануучунун агасы жана апасы окуя тууралуу айтып беришти.
«Мага жардам бергиле. Урматтуу Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, менин кызыма жардам бериңиз. Мен жалгыз бой аялмын. Колумда 11 жашар кызым бар. Кызымдын 2 баласы менен мойнумда калып жатат», — деди апасы.
Апасы ошондой эле кабарды кимден укканын айтты. «Кызымдан видео чалуу келди. Ачсам кызымдын мурду жок, бетинин баары кан. «Келиңизчи» деди», — деди ал.