Кулак-мурду кескиленген келинге мурдагы жолдошу СМС жазып жатканы айтылды

Кулак-мурду кескиленген келинге мурдагы жолдошу СМС жазып жатканын Асел Ногойбаеванын социалдык тармактагы баракчасында жакыны тарабынан айтылды.

Анын айтымында, Асел Ногойбаева окуядан кийин психологдорго барып, өзүнө келүү аракеттерин көрүп жатса, абакта жаткан жолдошу ага телефондон кат жазып жатат.

Жакыны УКМКга, ИИМге жана Башкы прокуратурага кайрылып, мурдагы жолдошунда телефон бар экенин, ачык эле жазып жатканын, анын коомго коркунуч жарата турган адам экенин айтып, аны өмүр бою эркинен ажыратууну суранды.