«Кулпуну талкалап, үйгө кирген». Ак-Жарда мамыга байланган киши боюнча милиция маалымат берди

Бүгүн социалдык тармактарда Ак-Жар конушунда уурулук кылган делген кишини мамыга байлап койгон видео тараган.  Видеодо жарандар аны уурулук кылып жаткан жеринен кармап алганын айтып, «жабыркагандар болсо келгиле» деп жатканын угууга болот.

Окуя боюнча Чүй ОИИБден маалымат беришти. 6-март күнү белгисиз жаран Аламүдүн районуна караштуу Ак-Жар жаңы конушунун үйлөрүнүн бирине эч ким жоктугунан пайдаланып үйдүн кулпусун сындырып, ичине кирип, үй оокаттарын чачып жаткан жеринен үйдүн ээси тарабынан кармалган. Качып кетпесин деп бакка байлап, милиция кызматкерлери келгенде өткөрүп берген.

Аталган окуя Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, уурулук кылууга аракеттенүү менен кылмыш иши козголгон. Кармалган жарандын аты-жөнү такталып, ал мурун сот жообуна тартылган 1990-жылы туулган жаран экендиги аныкталып, шектүү катары убактылуу кармоо жайына киргизилди.