«Кумтөр иши» боюнча кармалган Данияр Нарымбаев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 25-январда Данияр Нарымбаевдин бөгөт чарасын карап, аны эч жакка кетпөө тил катына өзгөрттү.

Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда анын парламенттеги өкүлү болуп турган Данияр Нарымбаев өткөн жылдын июнь айында «Кумтөр иши» боюнча коррупцияга шектелип кармалган.