«Кумтөр» иши боюнча кармалган экс-премьер Жоомарт Оторбаев бошотулду

Бүгүн, 20-ноябрда экс-премьер Жоомарт Оторбаевдин бөгөт чарасы каралып, өзгөртүлдү. Ал эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду.

Жоомарт Оторбаев 16-сентябрда УКМК тарабынан кармалган. Кийинчерээк анын «Кумтөр Голд Компани» чет элдик компаниясынын кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук бергени айтылган. 18-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда мурдагы өкмөт башчынын бөгөт чарасы каралып, 30-сентябрга чейин УКМКнын абагында камакта калтырылган.