«Кумтөр» иши боюнча кармалган экс-премьер Жоомарт Оторбаев сотко жеткирилди

Бүгүн, 24-сентябрда экс-премьер Жоомарт Оторбаевдин бөгөт чарасы каралат. Ал Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди.

Жоомарт Оторбаев 16-сентябрда УКМК тарабынан кармалган. Кийинчерээк анын «Кумтөр Голд Компани» чет элдик компаниясынын кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук бергени айтылган. 18-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда мурдагы өкмөт башчынын бөгөт чарасы каралып, 30-сентябрга чейин УКМКнын абагында камакта калтырылган.