«Кумтөр» иши. «Центерра» компаниясынын мурдагы жетекчилигине издөө жарыяланды

Канадалык «Центерра» компаниясынын мурдагы жетекчилиги менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАКнын жогорку жетекчилигине Кумтөр иши боюнча издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, тергөөдө канадалык «Центерра» компаниясынын жогорку жетекчилигинин жана «Кумтөр» кенинин оператору «Кумтор Голд Компания» ЖАКтын тиешеси бар экендиги тууралуу жана чет өлкөлүк жарандардын ичинен, 2013-жылдын декабрында 200 миллион доллар уурдоо ошондой эле аларды чет элдик компаниянын эсебине алуу боюнча далилдер алынган.

«2013-жылы Кумтөр долбоорун реструктуризациялоо маселеси боюнча өлкөнүн өкмөтүнүн активдүү ишинин жана «Центерранын» шарттарын кабыл алуу мүмкүн эместиги боюнча парламенттин категориялык позициясынын фонунда бул компаниянын жетекчилиги «Кумтөр Голд Компани» ЖАКнын жогорку жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүп алып, жасалма карыздык милдеттенмелер жана кийин дивиденддер катары эсептен чыгаруу боюнча компаниядан 200 миллион долларды чыгарган. Бул факты боюнча тергөө тарабынан «Центерранын» мурдагы президенти Ян Аткинсон, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Андрей Сазанов жана Майкл Фишер, «Кумтөр Оперейтинг Компания» ЖАК финансы боюнча вице-президенти Жон Сютер сыртынан жоопко тартылып, издөө жарыяланган. Бул кылмыш иши боюнча тергөө уланууда, жыйынтыгы боюнча регалиясына жана татыктуулугуна карабастан Кумтөр долбоорунда өлкөнүн кызыкчылыгына зыян келтирген кылмыштуу аракеттерге катышкан бардык адамдарга укуктук баа берилет», — деп айтылат маалыматта.