«Кумтөр» иши. Экс-депутат Алмазбек Баатырбеков күнөөлүү деп табылып, айып пул салынды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмазбек Баатырбеков «Кумтөр» боюнча коррупцияга күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. 

Маалыматка караганда, ага 280 миң сом айып пул төлөө милдеттендирилген.

Алмазбек Баатырбеков УКМК тарабынан 9-июнда кармалган. Ал «Кумтөр» иши боюнча камакка алынып, ошол эле күнү сотто баш коргоо чарасы каралып, 31-июлга чейин камакка алынган болчу. 15-июнда үй камагына чыгарылган.