«Кумтөр» иши. Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров сотко алып келинди (видео)

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, учурдагы депутаты Асылбек Жээнбеков менен дагы бир депутат Төрөбай Зулпукаровду Биринчи май райондук сотуна алып келишти. Бул тууралуу видеолор социалдык тармактарга тарады.

Ал эми СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи май райондук соту Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровго карата материал келип түшкөндүгүн билдиришти.