«Кумтөрдүн» ишин текшергенден кийин Башкы прокуратура үч кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ишин текшерип, үч кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу» беренеси боюнча кылмыш иштери козголгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.