«Кумтөрдүн» жетекчилери суракка чакыртылды. Бирок алар өлкөдө эмес

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы кошумча тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн «Кумтөр» кениндеги окуя боюнча сотко чейинки өндүрүштү облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, бул факты Кылмыш-жаза кодексинин “Тоо-кен иштери, курулуш иштери, жарылуучу жана башка жумуштарда коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча катталган.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын президенти Деон Баденхорст, финансы директору Симон Тан жана жабдуу тармактарын башкаруу боюнча директору Арипин Буман эртеңкиге Ысык-Көл ОИИБдин Тергөө кызматына күбө катары чакырылып, көрсөтмө беришет. Бирок алдын ала маалыматтар боюнча, компаниянын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кетишкен», — деп билдиришти алар.

2019-жылдын 1-декабрында Лысый аймагында үйүлгөн жараксыз катмар кескин түрдө жылып, анын кесепетинен бульдозердин айдоочусу менен тоо бөлүмүнүн адиси жер көчкүнүн астында калып, каза болгон. 2021-жылдын 15-февралында “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын кенинде экскаватордун 25 жаштагы айдоочусу иш учурунда оор техника менен кошо Петров көлүнө кулап, чөгүп кеткен.