«Кумтөрдүн» олчойгон акчасы жеке бизнеске… Жаратылышты өнүктүрүү фондунун директору кармалды

УКМК тарабынан коррупция жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” коомдук фондунун жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарынын коррупциялык механизми аныкталды. Ошондой эле схеманы уюштурган жооптуу жана кызмат адамдарынан турган кылмыштуу коррупциялык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Ыкчам жана атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, туунду долбоорлорго негизсиз каржылык көрсөтүп жана айрым компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга каражат бөлүп туруучу коррупциялык схеманын негизги уюштуруучусу фонддун директору К.Ж.Т. экени такталды.
2021-жылдан азыркы убакытка чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлоруна “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын каражаттарынан жыл сайын 3 миллион 700 миң доллар (325 миллион сомдун тегереги) өлчөмүндө каражат бөлүнүп турган. 3 жылдык каржылоонун жалпы суммасы 976 миллион 800 миң сомго жакын.
“Жаратылышты өнүктүрүү фонду” коомдук фондунун директору 2021-жылдан бери Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, фонддун каражаттарынан мыйзамсыз киреше алуу жана жеке баюу максатында жаратылышты коргоо долбоорлоруна деп ар кандай уюмдарга 400 миллион сомдон ашык каражат чегерген, бирок иш жүзүндө ал акча жеке бизнести уюштурууга пайдаланылган. Долбоорлор экологиялык жана башка экспертизаларды өтпөстөн, эффективдүүлүгүн деталдуу изилдебестен, ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугун жана актуалдуулугун аныктабастан жактырылган жана каржыланган. Өз кезегинде Жаратылыш ресурстары министрлигинин жетекчилиги Фонддун каражаттарынын чыгымдалышына тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылган эмес.
Учурда К.Ж.Т. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды. УКМК иштин бардык жагдайларын, жогоруда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарды жана башка адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө.

Маалымат үчүн: “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” коомдук фонду – Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты коргоо менен байланышкан социалдык, кайрымдуулук, маданий-агартуу жана башка коомдук пайдалуу коммерциялык эмес максаттарды көздөгөн, мамлекеттик эмес каражаттардын эсебинен түзүлгөн юридикалык жак.