«Кумтөргө» жумушка киргизем деп 365 миң сом алган жаран кармалды

Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектелип, жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Февраль айынын башында Каракол шаардык милициясына Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун жана Каракол шаарынын үч тургуну арыз менен кайрылып, 2019-жылы Нурлан аттуу жаран “Кумтөр” ишканасына жумушка орноштуруп берем деп, акча каражаттарын алып, бүгүнкү күнгө чейин жумушка да орноштурбай, акчаны да кайтарбай жатканын билдиришкен. Жалпы материалдык чыгым 365 миң сомду түзгөн.

Аталган арыз катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иштери козголгон. Кылмышка шектүү жарандын аты-жөнү аныкталып, камалды. Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 35 жаштагы тургуну суракта күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Андан кийинки жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран дагы алдамчылыктын 9 учуруна катыштыгы бар экендиги аныкталган. 1 айга камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.