«Кумтөргө» жумушка киргизем деп…» Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял киши кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Милицияга борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылып, Жылдыз (аты өзгөртүлдү) аттуу аял аны «Кумтөргө» жумушка орноштурууну убадалаганын, ал үчүн 60 миң сом алганын, бирок айтканын аткарбай, жашырынып жүргөнүн айткан. Аталган факты Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен катталган. Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган аял киши кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Андан тышкары, бир нече жаран шектүүнүн үстүнөн арызданып, милицияга кайрылды. Милиция шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга да тиешеси бар экенин божомолдоп жатат. Ошондуктан шектүүдөн жабыркаган жарандар болсо 0 (702) 44-26-42, 0 (508) 00-77-74 телефон номурлары же «102» кызматы аркылуу байланышууну суранат.