Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева сурактан чыкты

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин коомдук кеңешчиси Кундуз Жолдубаева ИИМге сурак берип чыкты. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка караганда, сурак болжол менен 1 саатка созулган. Ал 5-6-октябрдагы башаламандыкка байланыштуу күбө катары суралып жатат.

«Сурактан чыктым. Эч нерсе айта албайм. Себеби мен маалыматты жашырууга кол койдум», — деп жазды ал.

2020-жылы 5-6-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого каршы митингдер болгон. Андан кийин башаламандыктар башталган. 6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга аргасыз болгон.