Курал жана ок-дарылар катылган жер табылды (сүрөт)

Курал жана ок-дарылар бекитилген жер табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кечээ, 8-сентябрда УКМК тарабынан ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз колдонууга багытталып жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарынын аймагынан курал-жарак жана ок-дарылар катылган жер табылган. Жашырылган жерден 1 даана Ф-1 жарылуучу заты, 7,62 мм калибрдеги ок-дарылар жана «ПМ» маркасындагы номурлары өчүрүлгөн тапанча табылып алынды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал жана ок-дарылар кылмыштуу элементтерге таандык болушу мүмкүн. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул бекитилген жерди уюштурган адамдарды, куралдар жана ок-дарылар коюлган башка жерлерди аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Тергөө иштери жүрүп жатат.