Куралдар жана ок-дарылар сакталган жашыруун жер табылды (сүрөт)

Кыргыз Республикасынын ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнү алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Чүй облусунун аймагынан курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, табылган жашыруун жерден 2 кесилген мылтык, 160 ашуун ар кандай калибрдеги гильзалар, колго жасалган бычактар, беткаптар жана кол каптар табылып алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак жана ок-дарылар бир катар каракчылык фактыларына катышкан кылмышкерлерге таандык болушу мүмкүн экендиги божомолдонууда.

«Учурда УКМК ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.