Курманбек Бакиев экинчи жубайын жерге берүү үчүн Кыргызстанга келсе кармалабы? Соттун жообу

15-январда мурдагы качкын президент Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшева жүрөк оорусунан каза болгон. Маалыматка караганда, анын сөөгү Кыргызстанда Тогуз-Торо районунда жерге берилет.

Коомчулукту «сырттан соттолгон мурдагы президент Кыргызстанга келсе кармалабы?» деген суроо кызыктырып жатат. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жогорку Соттон төмөндөгүдөй маалымат беришти.

«Жазык-процесстик кодексинин 429-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык өкүмдү аткарууга кайрылууну, токтомду, аныктаманы аткарууга даттануу жазык ишин биринчи инстанцияда караган сотко жүктөлгөнүн маалымдайбыз. Өкүмдү аткаруу жөнүндө буйрук сот тарабынан өкүмдүн көчүрмөсү менен бирге жазык-аткаруу мыйзамдарына ылайык өкүмдү аткаруу милдети жүктөлгөн органга жиберилет. Буга байланыштуу 2014-жылдын 22-сентябрында өкүмдү аткаруу боюнча буйрук Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына жөнөтүлгөн», — дешти.