Курманбек Дыйканбаев УКМК тарабынан кармалып, абакка киргизилди

Кечээ, 24-ноябрда президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев УКМК тарабынан кармалып, абакка киргизилди. Ал кызматынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. Тагыраагы тергөөдө саясий партиялардын биринин кызыкчылыгында анын ушул жылдын октябрь айында мамлекеттик ишкананын жетекчисин 7 миллион сом бердирүүгө мажбур кылганы аныкталган.

Шектүү стратегиялык мааниге ээ мамлекеттик ишкананын башчысын эгерде акча берүүдөн баш тартса, анда ээлеген кызматынан бошотуп коём деп коркуткан.

“Мыйзамсыз жол менен алынган акчаны Курманбек Дыйканбаев шайлоо кампаниясы учурунда көп добуш алууга иштеткен” деп жазылат маалыматта. Учурда бул фактыга тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
Курманбек Дыйканбаев 2018-жылы президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп дайындалган. Ал Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында депутат болгон.
Жогорудагы окуядан улам президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Равшан Жээнбеков социалдык тармактагы баракчасына кызыктуу билдирүү жарыялады.

“Курманбек Дыйканбаев Сооронбай Жээнбековдун жакын досу болчу. Экөө көп жылдардан бери аябай жакын экенин жакшы билчүмүн. Мени өткөн жылы Кой-Таш окуясы боюнча камаардын алдында «Атамбаевге жалган көрсөтмө бер, антпесең камаласың же болбосо качып кет, чек арадан чыгарып коёбуз» деп сунуш берген эле. Курманбек Дыйканбаевдин сөзүн Сооронбай Жээнбековдун айтканындай эле кабыл алгам. Эч кайда качпасымды, эч убакта эч кимге жалган көрсөтмө бере албасымды айтып баш тарттым. Андан кийин камашты…” деп жазылат Равшан Жээнбековдун билдирүүсүндө.